Кара-Кулжада эркек киши коңшуларынын кызын сактап калуу үчүн карышкырды жалгыз өлтүрдү
RU

Кара-Кулжада эркек киши коңшуларынын кызын сактап калуу үчүн карышкырды жалгыз өлтүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылында карышкыр 13 жаштагы кызга кол салды. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 36 жаштагы кошунасы жырткычты колу менен муунтуп, кызды сактап калган.

Окуя 17-июлдан 18-июлга караган түнү Карагайт жайлоосунда болгон. Карышкыр ушул жайлоодо жүргөн малга кол салган.

13 жаштагы кыз карышкырды байкап кол чырак менен чыкканда жырткыч ага кол салган. Коңшу жашаган 36 жаштагы койчу жардамга келип, ал карышкырды кыздын жанынан алыстатып, андан кийин аны муунтуп өлтүрүүгө жетишкен.

Окуядан кийин ал жана жабыркаган кыз Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жеткирилген. Койчу колунун тушунан ар кандай жаракаттарды алган. Карышкыр дагы бетинин бир жерин тиштеп алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2662