Эки сүрөттү салыштырып көргүлө: Жапаровдун эс алганы жана Токаевдин эс алганы
RU

Эки сүрөттү салыштырып көргүлө: Жапаровдун эс алганы жана Токаевдин эс алганы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дем алыш күндөрү Жапаровдун планга кирбейген эс алуусу кызуу талкууга алынды. Белгилей кетсек, ал Чолпон -Ата шаарындагы мамлекеттик резидленцияда жүрүп, шаардык пляжга чыгып эс алып жүргөндөр менен сүйлөшүп, сүрөткө түшкөн. Андан кийин кемеге отуруп, Ысык-Көлдүн кереметин белгилеп социалдык тармакка пост жазган.

Мынакей ушул сүрөттү социалдык тармактын колдонуучулары тамаша жана мемдерге айландырышты.

Салыштыруу үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин эс алуусундагы сүрөттү келтирели. Ал 13-июлдан 16-июлга чейин өзүнүн эки жылдан бери президент болуп келгенден берки биринчи эс алуусун Чыгыш-Казакстан облусунун Бухтармин суусактагычында өткөргөн.

Токаевдин эс алууда жүргөн сүрөттөрү Жээнбековдун былтыркы эс алуусундагы сүрөттөргө окшош. Айырмасы, биздин мурунку президентибиз, эс алып жүргөндө да жонунан костюм-шымын түшүрбөй жүрөт экен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2669