Садыр Жапаровду "лампочкам" деп эркелеткен апа элди күлдүрдү
RU

Садыр Жапаровду "лампочкам" деп эркелеткен апа элди күлдүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттик шайлоонун алдында жүргөн үгүт иштери учурунда Садыр Жапаровду "айланайын лямпичкам" деп эркелеткен апа, дагы бир жолу президентти коргоду.

Анын айткандары социалдык тармакка тарап, көпчүлүктүн көңүлүн көтөрүүдө. Анда ал "эл "Лампочкаң айныды го деп" тамашалап калышат. Анан мен айтып калам "Лампочкам" айныбайт, кээде "замыкание" болот деп коём. Анча-мынча "замыкание" болот да", - деп айткан.

Гүлнара Назаркулова super.kg'ге бул видео боюнча төмөнкүдөй комментарий берди.

"20-июлда жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен жолугушуу орун алган. Ошол жакка чогулуш болот деп чакырышканынан баргам. Мени "Лампочка эже" дей беришет. Ал жерде сурашканынан жооп берип койгом. Ал видео интернетке тарап кеткен экен.

Ар бир келген өлкө башчысына үмүт артып, ишенип сүйүнгөнбүз. Азыр дагы сүйүнөбүз.

Мен өзүм заман тынч болсо деп эле үйдө отурам", - деп билдирди Назаркулова.

Эске салсак, буга чейин "Садага болоюн Садыр, мени карап кой, онанайын чырагым, лампочкам" деп айткан видосу тараган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2712