Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды
RU

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына 6 талапкер боюнча сунуштар келип президент Садыр Жапаров ага макул болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын аталган 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:

  • Ысык-Көл облусу, Ак-Суу райондук сотуна: Маматкулов Русланбек Темиркулович;
  • Балыкчы шаардык сотуна: Мамбетова Чинара Сталбековна;
  • Чүй облусу, Аламүдүн райондук сотуна: Чоткараев Тилек Устабаевич;
  • Талас облусу, Талас облустук сотуна: Султаналиева Айнура Кенжебековна;
  • Баткен облусу, Баткен облустук сотуна: Пазылов Мамасаит Мамытович;
  • Бишкек шаары, Биринчи май райондук сотуна: Жумагулова Жылдыз Таалайбековна.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет, деп басма-сөз релизде жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2767