Кыргызстан Казакстандан 25 миң доза QazVac вакцинасын алды
RU

Кыргызстан Казакстандан 25 миң доза QazVac вакцинасын алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-июлда, Кыргызстанга QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы келди. Казакстан өлкөгө гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандык вакцинанын биринчи партиясын жеткирүүнү президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен Казакстандын өкмөтү уюштурган деп көрсөтүлгөн.

"12, 5 миң адам COVID-19 оор формасынан корголот. Жардам үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жылуу, достук мамилелерди өнүктүрүүгө үмүттөнөм", - деди Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Вакцина менен 18 жаштан жогорку адамдардын бардыгын эмдөө сунушталат. 1 жана 2 дозалардын ортосундагы сунушталган аралык 21 күн.

"300 миңден ашуун казакстандыктар эмдөөдөн өткөн, олуттуу терс таасирлери катталган эмес. Технологияда ДСУ тарабынан бекитилген компоненттер колдонулат, бул стандарттуу технология. Ушул күнгө чейин бир дагы жагымсыз кесепеттер табылган жок", - деди вакцина иштеп чыгуучулардын бири Эргали Абдураимов.

Маалымдама:

QazVac вакцинасы Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Биологиялык коопсуздук проблемаларын илимий изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан жана 2021-жылдын башынан бери казакстандыктарды Россия жана Кытай адистери иштеп чыккан дары-дармектер менен катар эмдөө үчүн кеңири колдонулуп келе жатат. Клиникалык сыноолор жана аны кеңири колдонуу практикасы QazVac вакцинасынын коопсуздугун жана коронавирустук инфекциянын жана анын оор формаларынын алдын алууда анын жогорку натыйжалуулугун (90% дан жогору) көрсөттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2796