Депутаттар Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин достугу жөнүндө эмне дейт
RU

Депутаттар Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин достугу жөнүндө эмне дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары Сайдулла Нышанов менен Шайлообек Атазов Kaktus.media'га президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин мамилелери жөнүндө айтып беришти.

Эске салсак, социалдык тармактарга Жапаров менен Ташиевдин сүрөтү чыккан. Божомолдоолор боюнча, публикациянын максаты - мамлекет башчы менен УКМКнын төрагасынын ортосунда пикир келишпестиктер жок экенин көрсөтүү. Анткени акыркы кезде экөө уруша кетишти, деген имиштер көп чыга баштаган болчу.

Kaktus.media депутаттарга кайрылып, мындай имиштерге эмне негиз болууда деп сурады.

Шайлообек Атазовдун айтымында, Камчыбек Кыдыршаевич менен Садыр Нургожоевич урушкан эмес, айтылган сөздөрдүн бардыгы ушак.

"Саясатта ар нерселерди ойлоп таба беришет. Бул көрөалбагандардын, ичи тарлардын ою да. Өзү кичинекей эле элбиз. Урушпай-талашпай эле бир команда болуп башкарып жатат деп ишенем. Себеби, урушкан менен аягы жакшы болбойт. Урушкан деген жалган болуш керек", - деди Атазов.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Сайдулло Нышанов жакында эле алар менен көрүшкөнүн, жана бардыгы жайында экенин билдирди.

"Жок. Мен өткөндө барганда экөө жакшынакай эле сүйлөшүп отурду. Бул жалган. Бирок экөөнүн жанында эки команда, кишилер бар. Келечекте болушу мүмкүн. Алар айтышат да, ким чечет муну, деп. Мындай маселелер келечекте болуп калышы мүмкүн. Бирок бүгүн жок.", - деп белгиледи Нышанов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2807