ӨКМ Кеминдеги май куюучу жайдан чыккан өрттүн себебин айтты
RU

ӨКМ Кеминдеги май куюучу жайдан чыккан өрттүн себебин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Kaktus.media редакциясына Кеминдеги май куюучу жайдан чыккан өрттүн себебин айтып берди.

Белгиленгендей, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында, жолдун четинде Red Petroleum май куюучу станциясынын жанында токтоп турган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан өрт чыккан.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 220 чарчы метрди түзгөн.

Өрт саат 23 40та локализацияланган жана 04:36да толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар болгон жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2875