Сабиз арзандады, бирок гречка кымбаттады. Бишкектин базарларындагы продукциянын баалары
RU

Сабиз арзандады, бирок гречка кымбаттады. Бишкектин базарларындагы продукциянын баалары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте күнүмдүк керектелүүчү азык -түлүктөрдүн баасы кымбаттоодо.

Жакшы жаңылык бар- бир ай мурун салмагы алтынга барабар болгон сабиздер арзандады.

Базарларда аны мурдагыдай эле килограммы 25 сомдон 40 сомго чейин сатып алууга болот. Сатуучулар жергиликтүү түшүм бышып, баа түшөрүн айтышкан. Жашылча бышып сабиз арзандады.

Көптөн бери базарларда жана дүкөндөрдө 1 кг 75-85 сомдон сатылган гречканы азыр 100 сомдон төмөн табууга болбойт. Супермаркеттерде баасы болжол менен 115 сом, базарда килограммы 125 сом.

Шекерди дүкөндөрдө килограммын 56 сомдон сатып алса болот, базарларда 10 сомго кымбат - килограмы 65 сом.

Мындан тышкары, макарондун баасы кымбаттады. Унга болгон баа мурдагыдай эле.

Өсүмдүк майына келсек, дүкөндөрдө арзандатуу менен литрин 129 сомго, акциясыз - 145 сомдон сатып алууга болот.

Базарларда майдын минималдуу баасы литрине 150 сомдон башталат.

Тооктун жумурткасына болгон баа мурдагы бойдон калууда - он даанасы 65 сомдон 100 сомго чейин.

Сезондук жашылча -жемиштердин баасы мурунку жылдардагыдай эле жеткиликтүү. Картошка, болгар калемпири жана пияз - килограммы 25 сом.

Жүзүм, шабдалы жана алма 40-55 сом.

Дарбыздарды базарлардан килограммы 10-13 сомдон сатып алсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2908