Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Кимдер аны коштоп барат(тизме)
RU

Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Кимдер аны коштоп барат(тизме)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5 -августта, Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Түркмөнстанга учуп кеткенин президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргызстандын делегациясынын курамында ошондой эле:

  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров;
  • Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшөкеев;
  • Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талант Султанов;
  • Ички иштер министри Улан Ниязбеков;
  • Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев;
  • Транспорт жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын президентинин Түркмөнстанга болгон эки күндүк иш сапары тууралуу белгилүү болгон, анын жүрүшүндө ал бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2911