Күндүн сүрөтү: Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти менен жолугушту
RU

Күндүн сүрөтү: Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Жолугушуу Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында өттү.

Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде соода -экономикалык өз ара аракеттенүүнү, Түркмөнстандан Кыргызстанга жаратылыш газын жана электр энергиясын импорттоону, туризмди өнүктүрүү ж.б. маселелерди талкуулайт.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапарында жетишилген келишимдердин аткарылышы талкууланды.

Гурбангулы Бердымухамедов Консультативдик Кеңеш Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты гана эмес, башка бир тууган өлкөлөр - Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен аймактык деңгээлде өнүктүрүүгө жакшы түрткү берет деген ишенимин билдирди.

Анын айтымында, Консультативдик жолугушууда регион өлкөлөрүнүн лидерлери көптөгөн актуалдуу маселелерди, анын ичинде регионалдык мүнөздөгү жана эл аралык күн тартибиндеги маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат.

Президент Садыр Жапаров түркмөн тарапка кыргыз делегациясын салттуу түрдө жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров кыргыз тараптын эки тараптуу кызматташтыкты, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн бардык чараларды көрүүгө даярдыгын ырастады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2923