Мага бычак сайган киши органдардагы тааныштарына таянып жоопкерчиликтен качып жүрөт. Видео
RU

Мага бычак сайган киши органдардагы тааныштарына таянып жоопкерчиликтен качып жүрөт. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына Элдияр аттуу Бишкектин тургуну кайрылды. Анын айтымында, эки ай мурун аны бычак менен сайышкан. Кол салган киши ага телефон чалып арызын милициядан алып кетүүсүн талап кылып коркуткан. Бирок, Бишкектин Свердлов РИИБси эч кандай чара көргөн жок.

Жабырлануучунун айтымында 2021-жылдын 1-июнунда, ал жубайы жана досу менен Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "BBC" кафесинде отурушкан.

"Болжол менен кечки саат 22:30да бизди эсептеп коюуну суранып, чыгалы деп жатканбыз. Досумду кафеде отурган бир жигит чакырып, сыртка чыгып кетишкен", - деп Элдияр айтып берди.

"Мен аларга көз салып тургам, бир кезде досумду бетке бир чабышты. Алардын жанына басып барсам, дагы эки жигит бар экен, бардыгы болуп үчөө болчу. Алар мени да ур-токмокко алышты. Бир кезде бирөөсү кафеге чуркап кирип, бычак алып чыкты. Бычак менен ичиме сайып, андан кийин досумду кууп жетүүгө аракет кылышкан. Бирок ал качып кутулду", - деп жабырлануучу айтып берди.

"Кафенин охранасы жок экен. Окуя болгон жерге милиция жана жеке менчик күзөтчүлөр келип, мени Улуттук госпиталга алып барышкан. Бирок, алар оорукананын профили башка дегенге шылтап, мени кабыл алуудан баш тартышты", - деди Элдияр.

Андан кийин Элдиярды Улуттук хирургия борборуна алып барып, бир нече саат операция жасашкан.

"Доктурлардын айтымында бир аз кечиксем, өлүп калмак экенмин. Эртеси күнү Свердлов РИИБсинин тергөөчүлөрү келишти. Мен аларга көрсөтмө бердим. Дагы бир-эки күндөн кийин кол салган кишинин туугандары телефон чалып, ооруканага келе башташты. Алар тосмо арыз жазуумду талап кылышкан. Кол салган жаран өзү да телефон чалып, коркутуп-үркүттү. Мен мунун бардыгын милицияга айтып бергем, алар аны таппай жатканын гана билдиришти", - деп жабырлануучу нааразы болду.

Кол салуучунун өздүгүн Элдияр өзү аныктаган. Ал Казакстандын жараны А.Г. деген киши экен. А.Г. Элдиярга телефон чалып, тосмо арыз жазуусун талап кылып, ички органдарда тааныштары бар экендигин баса белгилеген.

"Милиция бычактаган кишини таба албай жатканын айтышты. Бирок, ал өзү мени таппадыбы. Анын туугандары ооруканага келип кетишти. Ал менин номеримди кайдан алды? Мен телефон номеримди арызга эле жазган болчумун", - дейт жабырлануучу.

Тергөөчү эч кандай чара көргөн жок. Ал ишти атайы созуп, беренени жумшартканга аракет кылып жатат. Андан тышкары бизге кол салган дагы экөөнү да жоопкерчиликке тартуу иштерин жүргүзүшкөн жок. Прокуратурага арыз жазуудан майнап чыкпайт.

Элдияр адвокаттарга жана укук коргоочуларга кайрылып, адилеттүулүккө жетүү үчүн ага акысыз жардам берүүнү суранды. Анткени эки айдан бери иш ордунан козголо элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3024