Кечээ ТЭЦтен кара түтүн чыгып жатты. Себебин энергетиктер түшүндүрүштү
RU

Кечээ ТЭЦтен кара түтүн чыгып жатты. Себебин энергетиктер түшүндүрүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маалыматты Call-борборго окурмандар жөнөтүштү.

"Кечээ, 17-августта Бишкектеги ТЭЦтен кара түтүн чыгып жатты, шаардын абасын булгап. Биз экологиябызга санааркап жатабыз. Жакында кыш келет, анда эмне болот, элестеткиле?", - деп окурман нааразычылыгын билдирди.

Бишкек ТЭЦтин башкы инженери Павел Иконников бул бир жолу гана боло турган көрүнүш деп түшүндүрдү. Мындан кийин мындай түтүн болбойт.

"Биз котлоагрекаторлорду алмаштырып, бирөөсүн жагып, экинчисин токтотуп жаттык. Буга чейин бул процессти газ менен жасашчу. Мурда күнү "Газпром" профилактикалык иштерге байланыштуу газды өчүрүп салып, котлоагрегаторду жагуу үчүн мазут колдонууга аргасыз болдук. Ошондон улам түтүндүн өңү кара болуп калды. Режим бир калыбына келээри менен мазутту колдонууну токтоттук. Учурда кара түтүн чыкпай калды. Жабдыктарды алмаштыруу үч саатка созулат", - деп ТЭЦтин кызматкери айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3065