Садыр Жапаров Армениянын Премьер-министри Никол Пашинянды кабыл алды
RU

Садыр Жапаров Армениянын Премьер-министри Никол Пашинянды кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-августта, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинянды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлумү билдирди.

Жолугушуу Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 19-20-августта өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин (ЕӨАК) кезектеги отурумунун алкагында болду.

Президент Садыр Жапаров Никол Пашинянды партиясынын кезексиз өткөн парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу үчүн бардык жагымдуу шарттар бар экенине токтолду. Мамлекет башчысы буга байланыштуу аталган багыттагы иштерди күчөтүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Никол Пашинян, бул биринчи бетме-бет жолугушуу экенин белгилеп, Садыр Жапаровго өлкөнүн жана достук мамиледеги Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн аткарып жаткан ишинде ийгиликтерди каалады.

Армения Премьер-министри өлкөлөрдүн мындан аркы өнүгүү пландарын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен иштеп чыгуу зарыл экенин баса белгиледи.

Эки тарап бардык актуалдуу тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык жана саясий чөйрөлөрдө да активдүү кызматташууну улантууга өз ара даяр экендиктерин билдиришти, деп билдирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3086