Киши өлтүрүү. УКМК дагы үч милиция кызматкерин жашырынып жүргөн жеринен кармады
RU

Киши өлтүрүү. УКМК дагы үч милиция кызматкерин жашырынып жүргөн жеринен кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча Патрулдук милиция кызматынын бөлүмүнүн дагы үч кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 27-августтун кечинде кайгуул кызматкери жол эрежесин бузуучуну өлтүрө аткан . Окуя саат 21:00 чамасында Имам Сарахси борбордук мечиттинин жанында болгон. Маалымат боюнча ок жүрөккө жакын тийген. Департаменттен кайгуул кызматкери айдоочуга ок атып, ал ошол жерде каза болгону тууралуу маалыматты тастыктады.

Видеокамералардын жазууларына караганда, айдоочу менен милиция кызматкеринин ортосунда оозеки жаңжал чыккан. Бир нече мүнөттөн кийин милиционер кызматтык куралын алып чыгып, кишиге ок чыгарган.

"Чынгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин тергөө натыйжасында Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун Б.Э. жана Б.А. аттуу эки кенже инспектору колго түшүрүлдү. Алар УКМКнын тергөө камагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө ", - деп билдиришти комитеттин басма сөз кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3271