Жумушуна кайтып келишти. Жогорку Кеңеш онунчу (!) сессиясын баштады
RU

Жумушуна кайтып келишти. Жогорку Кеңеш онунчу (!) сессиясын баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 1-сентябрда депутаттардын VI чакырылышынын онунчу Сессиясын ачты. Андан кийин салттуу түрдө Кыргызстандын гимни жаңырды.

Спикер бардык депутаттардын ден соолугу чың экенине кубанычта экенин билдирип, республиканын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Андан соң "Кыргызалтын" ААКтын башчысы болуп Умбеталы Кыдыралиев дайындалгандан кийин мандат алган "Республика - Ата Журт" фракциясынан Авазбек Абдугапаров ант берди.

Мамытов ушул жумада фракциянын жана комитеттердин жыйыны болорун айтты. Ал эми кийинки жумада палатанын кезектеги жыйыны болот.

Бүгүнкү жыйын аяктады деп жарыяланды.

Эске сала кетсек, парламент июль айынын аягында каникулга кеткен. Анда бир катар маанилүү мыйзам долбоорлору, анын ичинде парламенттик шайлоо боюнча да чечим кабыл алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3306