Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинен ЖАКты өзүнө алды
RU

Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинен ЖАКты өзүнө алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыкта "мамлекеттин өнүгүүсүндө илимдин стратегиялык мааниси илимий-инновациялык ишмердүүлүктү өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү көйгөйлөрүн чечүүгө багыттоо керектигин аныктайт" деп белгиленген.

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системасын андан ары өркүндөтүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссияны Президенттин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссияга айландыруу чечими кабыл алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3360