Бишкек мэринин биринчи орун басары дайындалды
RU

Бишкек мэринин биринчи орун басары дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп Максатбек Сазыкулов дайындалганын борбордук мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 3-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Сазыкулов турак жай-коммуналдык чарбаны башкара турганы маалым болду.

Ал 2021-жылдын 16-июнунда Максатбек Сазыкулов борбордун экономика жана финансы боюнча вице-мэри кызматына дайындалган. Буга чейин Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уюштуруу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп да иштеген. Ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги, деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3363