Бишкектин түштүк-батышында бир нече күнгө газ өчүрүлөт
RU

Бишкектин түштүк-батышында бир нече күнгө газ өчүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

7-сентябрдан 10-сентябрга чейин Бишкектин түштүк-батышындагы бир нече райондордо жаратылыш газы болбойт. Анын себеби 1985-жылы пайдаланууга берилген Сухомлинов жана Табалдиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астындагы газ түтүгүн оңдоо болгонун "Газпром Кыргызстан" билдирди.

Төмөнкү аймактарда газ өчүрүлөт:

  • "Төмөнкү Джал" району;
  • Д.Садырбаев, Гагарин, Медеров, Абай, Ахунбаев, Ташкөмүр, Ажыбек баатыр көчөлөрү, Манас проспектиси жана Пожарский тилкеси.
  • "Теплоэнергоремонт" отканасы.

"Газпром Кыргызстан" кардарларынан кечирим сурап, шаардыктарды газдын убактылуу өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3364