Бишкекте Интернетти башкаруу боюнча Борбор Азия форуму өтөт
RU

Бишкекте Интернетти башкаруу боюнча Борбор Азия форуму өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

27-28-сентябрда Бишкекте Интернетти башкаруу боюнча Борбор Азия форуму (CAIGF-2021) өтөт. Бул тууралуу редакцияга келге пресс-релизде айтылат.

Форумга Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиядан 100дөн ашуун эксперттер, санариптик бизнестин жетекчилери, технологиялык компаниялардын өкүлдөрү жана Европа, Кытай, Канададан санариптик өнүгүү боюнча эксперттер катышат.

CAIGF-2021ди Бишкекте өткөрүү пандемиядан кийинки кризисте санариптик күн тартибинин милдеттерин ишке ашырууга, глобалдык интернеттин туруктуулугу боюнча көп тараптуу диалогдун келечегин аныктоого, өлкөнүн жалпы санариптик келечегинин артыкчылыктарына кызмат кылат.

Көбүрөөк маалыматты бул шилтемеден тапса болот.

Форумдун Фейсбук баракчасы. Форумдун өздүк баракчасы бул жерде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3374