8-кичи райондогу батирден адамдын сөөгү табылды
RU

8-кичи райондогу батирден адамдын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин 8-кичи райононундагы батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, батирдин ээси 1950-жылкы П.И көпкө чейин сыртка чыкпай, эшикти бекитип алып, байланышка да чыккан эмес. Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, кишинин сөөгүн табышты.

Маркумдун сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Сүрөт интернеттен алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3381