Дастан Бекешев добушту сатып алгысы келгендер менен күрөшүү жолун сунуштады
RU

Дастан Бекешев добушту сатып алгысы келгендер менен күрөшүү жолун сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешев Садыр Жапаровго шайлоочуларды сатып алуу боюнча маалыматтар сыйлана турган норманы бекитүүнү сунуштоодо. Ал президентке кат жөнөтүп, Facebook'тагы баракчасына бөлүштү.

Депутат мындай сунушту мамлекеттик резиденцияда президент менен болгон жолугушууда айтканын, анда мамлекет башчысы демилгени жалпысынан колдогонун эске салды. Бирок азыр депутат президенттен анын администрациясына бул маселени иштеп чыгууну жана бюджеттен каражат бөлүүнү суранууда.

Эгерде шайлоочу талапкердин же партиянын пара алуу фактысын сүрөткө же видеого тартып алса, анда ал 10 миң сом менен сыйланышы мүмкүн. Ошентип, шайлоочу добушун саткандан көрө, паракорчулук тууралуу маалымат бергени пайдалуу болот. Анткени партиялар бир добушту 10 миң сомго сатып ала албайт.

Бекешев мындай стимулдар коррупция менен күрөшүүнүн эффективдүү куралы болуп калат деп ишенет.

Мындан тышкары, депутат президент өз туугандарына жана досторуна эскертүу берип, бийликчил партияларды колдоп, шайлоонун жүрүшүнө таасир этпесин деп белги берүүсүн суранды.

"Алмазбек Атамбаев биометрика аркылуу добуштарды ачык саноону уюштурган президент катары өлкөнүн тарыхына кирди. Ал эми Садыр Жапаров парламенттик шайлоону паракорсуз жана административдик ресурсу жок туруп шайлоо уюштурган президент катары тарыхта кала алат", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3390