ТЭЦтин мааракесине карата. Жылуулук борборунун тарыхынан 6 факт
RU

ТЭЦтин мааракесине карата. Жылуулук борборунун тарыхынан 6 факт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ЖЭБине 60 жыл. Kaktus.media редакциясы юбилейге карата ЖЭБ боюнча кызыктуу алты факт чогултту.

1

Негизи ЖЭБ шаарды жылуулатуу үчүн ачылган эмес. Биринчи турбина агрегаты кездеме фабрикасын электр энергиясы менен камсыз кылышы керек болчу. Чындыгында, электр энергиясын өндүрүү дагы эле ЖЭБдин негизги милдети болуп саналат. ЖЭБдин кубаттуулугу бүтүндөй Кыргызстандын электр энергиясынын 14 пайызын камсыздоого жетет. Эски жабдуулар алгач жылуулук энергиясын, андан кийин электр энергиясын өндүрүүгө багытталган. Жаңылангандан кийин орнотулган жаңы жабдуулар тескерисинче биринчи электр энергияны, андан кийин гана жылуулукту камсыздайт.

2

ЖЭБ көмүр, мазут жана жаратылыш газы менен иштейт. Ал эми модернизацияланган агрегаттар көмүр менен гана иштейт. Бирок, ЖЭБдин эски бөлүгүндө отундун үч түрү тең колдонулат. Бишкекти жылытуу үчүн күн сайын беш кабаттуу үйдүн бийиктигиндей көмүр сарпталат. Көмүр мештериндеги температура лампага караганда эки эсе ысык. Тагыраагы 2000 градус.

Буга чейин Бишкек ЖЭБи Казакстандын көмүрүн колдончу. Азыр откананын иштешине таасирин тийгизбеген, калориясы боюнча алардан айырмаланбаган жергиликтүү көмүрдү иштетишет. Баса, жергиликтүү көмүрдү жеткирүү коңшу өлкөдөн алып келгенге караганда кымбатка айланат. Жергиликтүү көмүр менен иштегендиктен жабдуулары эки жумада бир бузулат.

3

ЖЭБде азыр реконструкцияга чейинкидей төрт түтүк бар. Болгону бир түтүк жарылып, анын ордуна дагы бирөө курулган. Ошондуктан жаңысы башкалардан бир жарым эсе жогору болуп калган. Эң бийик түтүк 300 метр. Бийиктиги 17 беш кабаттуу имаратка тете.

4

ТЭЦ абанын булганышына күнөөлүү деп эсептелинет. Анткен менен жылуулуксуз калууну, же булганган аба менен дем алууну тандоо керек болуп калат. Эксперттердин айтымында, ЖЭБ асманды мүмкүн болушунча азыраак түтөтүүгө аракет кылат. Атайын фильтрлер бар. Суу фильтрлеген идишке окшош деп ойлосоңуз жаңыласыз. Фильтр көпчүлүк элестеткендей чоордун өзүндөй эмес. Ал бийиктиги 5 кабаттуу чоң имарат сыяктуу. Тазалоо процедурасы бир мүнөткө да токтобой имараттын ичинде ишке ашат.

5

Бишкекте жалгыз гана ЖЭБ бар. Ал эми Алматыда үч ЖЭБ бар. Советтер Союзунун тушунда деле Бишкекте экинчи ЖЭБди куруу чечими кабыл алынган (ал кезде шаар Фрунзе деп аталган). Ошол кездеги чиновниктер шаар өсө турганын жана ЖЭБ ушунча жүктү көтөрө албасын түшүнүшкөн. Бирок, алар ЖЭБ-2нин курулушун бүтүрүүгө шашылышкан эмес. Советтер Союзу ураганда, каржылоо аяктаган. Бирок, ага карабастан, бүтпөй калган ЖЭБдин да бир аз иштеп жетишти. 1991-жылдан бери кыргыз бийлиги ЖЭБ-2ни бүтүрүү керектигин айтып келет. Жада калса инвестор да табылган. Бирок бул маселе ошондон бери ордунан жыла элек.

6

Бишкек ТЭЦи 14-сентябрда туулган күнүн белгилейт. 1961-жылдын ушул күнү 25 мВТ кубаттуулуктагы электр станциясынын биринчи турбиналык агрегаты ишке киргизилген. Анын курулушу 1958-жылы башталган.

2013-жылдын 16-июлунда "Электр станциялары" ААКсы менен кытайлык ТВЕА компаниясы Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн 386 миллион АКШ долларына келишим түзүшкөн. 2017-жылы модернизация аяктаган. Ал эми 2018-жылдын январь айында катуу суукта ЖЭБде авария болгон. Башкы прокуратура Бишкектеги жылуулук абалы боюнча кылмыш ишин козгоп, анда бир нече экс-премьер-министрлер жана энергетика тармагынын жетекчилери камакка алынган.

А бирок, ушундай кыйынчылыктарга карабастан, ЖЭБ бишкектиктердин үйлөрүн жылытууну жана жарыктандырууну улантууда.

Майрамың менен ЖЭБ, дагы көпкө иште, сенин ордуң толгус!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3516