Метродон азия улутундагы келин орус абышканын чечилип калган боосун байлап берди
RU

Метродон азия улутундагы келин орус абышканын чечилип калган боосун байлап берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

12-сентябрда, Москвадагы метролордун биринде баратып, азия улутундагы келин орус абышканын боосу чечилип калганын байкап, жардам кылып, боосун байлап берди. Анын жакшылыгын метродо бараткан жүргүнчү көрүп, сүрөткө тартып, социалдык тармактарга бөлүшкөн.

"Тилекке каршы, маска кийип тургандыктан анын жүзү көрүнбөйт. Бирок анын келбети, ички жан дүйнөсүндөй эле абдан сулуу болсо керек", - деп сүрөттүн автору жазган.

Бул фото 1 миңден ашык репост жасалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3523