Жыл сайын өтүүчү марафонго байланыштуу көчөлөр жабылып, айрым троллейбустар токтойт
RU

Жыл сайын өтүүчү марафонго байланыштуу көчөлөр жабылып, айрым троллейбустар токтойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

19-сентябрда Бишкекте жыл сайын өтүүчү жарым марафонго байланыштуу Масалиев көчөсүндө унаа кыймылы тосулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

№5, 6, 10 жана 14-троллейбустук каттамдардын чыгуусу убактылуу токтотулат. Ал эми автобустар ошол эле график боюнча жүрөт. Автобус жана кичи автобустардын каттамдары көчөнүн түндүк тарабы менен өтөт.

Жарандардан маршрутун алдын ала пландап алууну суранабыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3568