Шаарда Айтматовдун "Ак кеме" аттуу чыгармасына арналып дубалга тартылган сүрөт пайда болду
RU

Шаарда Айтматовдун "Ак кеме" аттуу чыгармасына арналып дубалга тартылган сүрөт пайда болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги №13 мектеп-гимназиясынын имаратында Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" аттуу аңгемесине арналып тартылган жаңы дубалдагы сүрөт пайда болду.

Сүрөттө чыгарманын башкы каарманы жети жашар бала жана жомоктогу бугу эне тартылган. Белгилүү болгондой, сүрөт аягына чыга элек. Имараттын экинчи тарабына сүрөтчүлөр гүлдөп турган кызгалдактар талаасын түшүрүшөт.

Сүрөттү Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишиндеги сейил бактын аймагында көрүүгө болот. Долбоордун демилгечиси жана демөөрчүсү Novotel отели болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3597