Заводдун аймагында бомба изделип жатат. Ал жердегилер эвакуацияланды
RU

Заводдун аймагында бомба изделип жатат. Ал жердегилер эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Фрунзе заводунун аймагында, коопсуздук күчтөрү коюлган бомбаны издеп жатышат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күбөлөр кабарлашты.

Алардын айтымында, болжол менен эки саат мурун полицияга Интергельпо көчөсүндө жайгашкан Фрунзе заводунун аймагына бомба коюлду деген билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери заводдун аймагын курчоого алып, бардык жумушчуларды эвакуациялашкан. Учурда ал жерде УКМКнын кинологдору иштеп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3606