Мечиттеги кайрымдуулук кутучасынан акча уурдаган (видео). Ал кармалды
RU

Мечиттеги кайрымдуулук кутучасынан акча уурдаган (видео). Ал кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Токмок РИИБинин кызматкерлери мечиттен садака кутучасын урдоого шектүү катары 31 жаштагы М.А.ны кармашты.

Эске салсак, ушул жылдын август айында социалдык тармактарда белгисиз адам Токмоктогу мечиттердин биринен садака кутусун ачып, акчанын баарын алып алган. Анын иши видеого тартылып калган.

Андан кийин "Уурдоо" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган адам мындай уурулукту биринчи жолу жасаган эмес. Бул маалымат текшерилип, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3608