Күндүн сүрөтү: Бишкектеги №12-мектепте канча бала окуганын көрүңүз
RU

Күндүн сүрөтү: Бишкектеги №12-мектепте канча бала окуганын көрүңүз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына №12-мектептин окуучуларынын ата-энелери кайрылып жатышат. Алардын айтымында мектеп-гимназиянын эки жыл мурун салынган жаңы корпусу дагы деле ачыла элек.

Эске салсак, №12-мектептин ата-энелери редакцияга сентябрдын башында эле кайрылышкан.

Капиталдык курулуштун жетекчиси Гүлмира Джумабекова имаратты Чүй ККБ салганын билдирген.

Муниципалдык мүлк башкармалыгында, жер ресурстары башкармалыгы корпус салынган жерге укугун тастыктоочу документтерди даярдап жатканын айтып беришкен.

Жетекчилик алмашкандыктан токтомдун долбоору өзгөртүлүүдө.

Ал эми Свердлов районунун билим берүү бөлүмү, аларга 384 окуучуга ылайыкталган жаңы корпусту окуу жылынын башында өткөрүп берүү убадаланганын маалымдады.

"15-сентябрда ачылат деп пландалган болчу. Ошентип сөз беришкен. Бирок расмий документтер азырынча жок", - дейт бөлүмдүн адиси.

№12-мектеп-гимназиясы Чүй/Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Башкы корпусу проспектини карап турат, кошумча корпус Гоголь көчөсүндө жайгашкан.

Бүгүн, 23-сентябрь, а бирок жаңы корпус ачыла элек.

"Ал жакта бардыгы даяр. Чоңдордун айынан балдар убал тартып жатышат. Уруксат бериле элек, окуучулар эски имаратта үч смен менен окушат. Сабактар 07:30да башталып, 18:30да бүтөт. А бирок жаныбыздагы жаңы корпус бош турат", - деп окурмандар нааразы болушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3651