"Бакиевдин кадры". Улуттук банкка жаңы төрага дайындалды
RU

"Бакиевдин кадры". Улуттук банкка жаңы төрага дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-сентябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук Банкты төрагалык кызматына жайындалышын жактырышты.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Саматбек Ибраев жана Бакытбек Турусбековдун финтех тууралуу сунуштарына каршы экенин билдирди.

"Долбоордун өзүн изилдеп чыгуу зарыл, бирок бул тууралуу Толкунбек Абдылдаевдин айтып бергендерине караганда, мен каршымын", - деди ал.

Дастан Бекешев Бөкөнтаевдин репутациясы бузулганын эскертти.

"Сиз Курманбек Бакиевдин кадры болосуз. Сиз улуттук банктын жетекчисинин орун басары болуп турган кезиңизде, биздин өлкө акча жууп алып чыга турган кир жуучу машинкага айланган. Өзүңүз да "АзияУниверсалБанк", "Иссык-Куль Инвестбанк" иши боюнча жооп бергенсиз. Канча банк банкрот болду эле. Сиздин репутация тирукмуш болчу. Россияга Центробанк менен жолугушууга барат экенсиз, сизге бул тууралуу ал жактан да эскертишет", - деди депутат.

Андан тышкары, акыркы 11 жылда жалаң чыгармачылык менен алектенип жүргөн экенсиз, кантип Улуттук Банкты башкарасыз? - деп сурады.

"Мен аргасыздыктын айынан банк сектору менен алектене албай жүрдүм. Ушунча убакыттан бери иш созулуп келди. Укук коргоочу органдарга тынымсыз арыз таштап, Алапаевге каршы көрсөтмөлөр менден мыйзамсыз жол менен алынганын билдиргем. 2021-жылдын октябрь айынан кийин кайрадан Башпрокуратурага кайрылып, берген көрсөтмөлөрүмөн баш тартуу жана мыйзамсыз тергөө жүрүгүзүүнүн негизинде иш токтотулду. Бул саясий куугунтуктоо болчу", - деп талапкер билдирди.

"Анда тергөөчүлөргө карата доо арыз жазуу керек, же сизге каршы, жалган көрсөтмө бергениңиз үчүн", - деп Бекешев ага жооп кайтарды.

Депутат Самат Исманов 11 жылда банк системасы өзгөргөнүн белгиледи. Бирок Бөкөнтаев иштөөгө даяр экенин айтты.

"Сиздин фамилия биздин акчага жазылат, сиз акча белгисин алып жүрүүчу болуп каласыз. Финансы секторуна кийлигише турган алдамчылар боло турганын түшунүп, аларга тап берүүгө даярсыз деп үмүттөнөм", - деди ал.

Бөкөнтаев эгер депутаттар финтех тууралуу мыйзамды алдымчылык деп эсептешсе, аны кабыл албай эле коюну сунуштады.

Натыйжасында, жабык электрондук добуш берүү менен парламент Бөконтаевдин талапкерлигин жактырды. 76 депутат колдосо, 5 депутат каршы болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3720