Депутат: Министр бокс машыктыруучулары эмнеге отставкага кеткенине кызыккан да жок
RU

Депутат: Министр бокс машыктыруучулары эмнеге отставкага кеткенине кызыккан да жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бокс боюнча Кыргыз курама командасынын бардык машыктыруучулары кызматтан кетишти. Министр эмне үчүн мындай кылганын сураган да жок", - деди депутат Шайлообек Атазов парламент жыйынында.

Анын пикиринде, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев "спорт чөйрөсүн түшүнбөйт". "Спортту Маданият министрлигинен бөлүп, министрлик жыйынтык үчүн иштеши керек. Эсиңиздерде болсо, спортту туура эмес түшүнгөндүгү үчүн Маданият министри президенттен сөгүш алган", - деди Атазов.

Аны кесиптеши Тазабек Икрамов колдоп, спорттун көйгөйлөрүн чечүү керектигин белгиледи.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын бардык машыктыруучулар каражаттын жоктугунан кызматтан кетишкен. Тактап айтканда, башкы машыктыруучу Данияр Джусубалиев, жаштар курамасынын улук машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу жана жаштар командасынын улук машыктыруучусу Улан Төлөнбай уулу кызматтарынан кетишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3793