Үч эмге Айсулуу, Айпери жана Мээримдин ысымы ыйгарылат
RU

Үч эмге Айсулуу, Айпери жана Мээримдин ысымы ыйгарылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шаардык перинаталдык борбордо төрөлгөн үч эгиз кызга күрөш боюнча Кыргыз курама командасынын мүчөлөрү Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарованын ысымдары ыйгарылат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына үч эмдин чоң энеси билдирди.

Чоң энесинин айтымында, алардын аттары уйкаш болуп, бирдей А тамгасына башталсын деген ойдо Мээримдин ысымы Ай-Мээрим деп өзгөртүлөт.

"Биздин спортчулар Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалашты. Аларды аябай колдоп жаттык. Айсулуу, Мээрим жана Айпериден жок дегенде бир үлгү алсын деген үмүт менен неберелерибиздин атын алардын атынан коюп жатабыз", - дейт эгиздердин чоң энеси.

Ал неберелери менен апасынын абалы жакшы, бирок, ооруканадан кийинчерээк чыгарын кошумчалады.

Эске салсак, 4-төрөт үйүнүн бейтабы 5-октябрда кош бойлуулуктун 36-жумасында кесарево жолу менен үч кыз төрөгөн. Ымыркайлардын салмагы 1870, 2160 жана 2170 грамм. Балдар CPAP аппаратынын жардамы менен балдардын реанимация бөлүмүндө болушту. Апасынын абалы канааттандыраарлык.

Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарында жана Норвегияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын коргошту. Олимпиадада Тыныбекова күмүш, Жуманазарова коло медалга ээ болгон. Андан сырткары экөө дүйнө чемпиону аталды. Ал эми Медет кызы дүйно чемпионатында коло медалга татыды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3856