"Жал" районунун тургундары: Ысык суунун ордуна дат баскан суу агып жатат
RU

"Жал" районунун тургундары: Ысык суунун ордуна дат баскан суу агып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жал кичи районунда, жылытуу берилгенден кийин суу чорголорунан ысык суунун ордуна дат баскан суу агып баштаган. Бул тууралуу Call-борборго "Жал-15"теги 9-үйдүн тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, бир саат бою сууну кое беришсе да таза суу чыкпай койгон. Тургундар сууну эсептегичке ылайык төлөшөт.

"Дээрлик ванна толук толтурулду. Эки -үч сааттан бери кир суу агып жатат. Бул суунун акчасын эмне үчүн төлөйбүз? Андан көрө чайнекке суу кайнатып, жуунган оңой", - деп нааразы болушкан.

11-октябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, "Бишкектеплоэнерго" коммуналдык ишканасынан алынган маалыматка ылайык, Жал кичи районунда, бүгүнкү күндө жылуулук жана ысык суу менен баары жайында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3858