Садыр Жапаровду лампочкам деп эркелеткен апа президентке жолукту
RU

Садыр Жапаровду лампочкам деп эркелеткен апа президентке жолукту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду "лампочкам" деп алкаган апа президентти сагындым деп Бишкекке келген видеосу тараган.

Гүлнара апа президент Садыр Жапаровго жолукту. Ал бул боюнча SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди. "Бишкекке бир жылда 2-3 жолу келип турчумун. Пандемия болгондон бери эле коркуп барбай калгам. Бул жолу

Бишкекке тойго баргам. Садырды энелик мээрим менен аябай жакшы көрөм, сагынам. Анан интернеттен көрүп ыраазы болуп калам. Балдарымды кандай жакшы көрсөм Садырды дагы ошондой жакшы көрөм.

Садырды көрүп каламбы деп өкмөт үйүнө баргам. Ал жакта митинг болуп жаткан экен. Балдар мени көрө калышып, "лампочка эже" экен деп жабалактап калышты. Видеого тартып дагы интернетке чыгарып жиберишиптир.

Кабылдамада турган жигит "эже, эмнеге келдиңиз?" деп сурап калды. Садырга жолугуп бир өөп алайын дедим. Эже президент иштеп жатат, бошобойт деди. Жолукмайынча кетпейм деп отуруп алдым.

Ал жерге көп адам турмуштун оор сыноосуна кабылгандар, көйгөйү көптөр барышат экен. Аларды көрүп алып, кой эми кете берейин, Садырды ютубдан көрүп алам да дедим. Арча-бешикке маанайм жок барып, жатып алгам.

Анан депутаттыкка мандатын коюп жүргөн бир кайним ушунча келгенден кийин жолугуп кет, сүйлөшүп көрөйүн деп чалып калды.

Президенттин кабыл алуусуна кирип жатканда өзүнчө эле сүрдөдүм. Буга чейин эч кимдин сүрдөчү эмес элем (күлүп). Кабинетке кирип барсам эле Садыр ордунан туруп келип, учурашты. Сүйлөшүп отурдук. Садырдын жанында отурган адам аябай ыраазы болот экен. Мага жолук белек кылды. Анын жанында конверт бар экен. Ыраазы болуп кайттым. Ак Үйдө отургандардын баары кичипейил жакшы адамдар экен.

Ар ким ар кандай нерселерди жаза беришет. Аларга деле мейли дейм. Алар жок болсо, жашоо кызыксыз болуп калмак да.

Эми Садыр Жапаровдун иштегенине убакыт беришибиз керек", - деп билдирди Гүлнара апа.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3948