Активисттер асфальтка төшөлгөн дарактарды кантип сактоо керек экенин көрсөтүштү
RU

Активисттер асфальтка төшөлгөн дарактарды кантип сактоо керек экенин көрсөтүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Урбан Хаб" командасы Бишкектеги бактарды сактап калуу үчүн атайын иш чара өткөрүштү. Активисттер асфальттын алдында калган дарактарды бир башкача кооздошкон.

Жакында эле мэриянын аймагындагы Киев көчөсундөгү тротуар оңдолгон. Аны менен бирге дарактардын тамыры асфальт менен төшөлүп калган. Бул алардын куурашына алып келет. "Урбан Хаб" командасы (Peshcom, "Арча" демилгеси, МувГрин, "Шаардык демилгелер") көйгөйгө көңүл бурууну чечти!

"Бишкекасфальтсервис" дарактар үчүн калтырылган тегерекчелердин диаметри тамырдын дем алуусу үчүн өтө кичине. Биз шаардык кызматтардан бул көйгөйгө көңүл бурууну жана жаңы тротуарларды салууда айтылган сунуштарды эске алууну суранабыз. Анткени шаар ичинде тротуарлар дагы көп болот деп үмүттөнөбүз!"- деп демилгенин түшндүрмөсүндө айтылат .

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3971