Самара облусунда полициялар үч кыргызстандык жарандарды издеп жатат
RU

Самара облусунда полициялар үч кыргызстандык жарандарды издеп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин "Якутское" Самара облусундагы кызматкерлери бир катар издөөгө алынган кылмыштарга шектүүлөрдүн тизмесин жарыялашты.

19-октябрда ИИМдин сайтында маалымдалгандай, издөөдө жүргөндөрдүн арасында кыргызстандыктар бар:

  • Кыргызстандык, 1993-жылы туулган, М.Х.Х. атуу жаран. Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Администрациялык жазага тартылган же соттуулугу бар адам тарабынан мас абалында унаа башкаруу" беренеси боюнча шектелүүдө;
  • Оштун жараны, 1995-жылы туулган М.И атту соттон жашырынып жүргөн жигит. Ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин "Жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү же бланктарды жасалмалоо, даярдоо" беренеси менен шектелүүдө;
  • Соттон жашырынып жүргөн Ош шаарынын тургуну, 1996-жылы туулган A. M. B. аттуу жаран. Ал Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин "Жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү же бланктарды жасалмалоо, даярдоо" беренеси боюнча шектелип, изделүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3987