Наталья Никитенко: ТЭЦ Бишкекти көмүр менен казакстандык компания камсыздашы мүмкүн
RU

Наталья Никитенко: ТЭЦ Бишкекти көмүр менен казакстандык компания камсыздашы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламенттин депутаты Наталья Никитенко Facebook баракчасына пост чыгарып, министрлер кабинетинин буйругунун сүрөтү коюлган. Ага ылайык "Электрические станции" ЖЧКсы казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүп, алар Карагандадан Бишкектин ТЭЦине көмүр ташып келишет, деп жазылган. Ушул эле компаниягы котлоагрегаттар да өткөрүлүп берилет.

"Мына ушундай маалымат менин мессенджериме келген. Министрлер кабинетинин төрагасы кышкы жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүп алуу максатында "Электрические станции" ЖЧКсы казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүүгө милдеттендирүүдө. Ал тиешелүү маркадагы көмүр менен камсыздап, андан тышкары Бишкек ТЭЦинин котлоагрегаттарын тейлейт.

Демек, кайдан-жайдан пайда болгон, репутациясы күмөн жараткан белгисиз компания стратегиялык мекемедеги мештерди иштетет экен"

Демек, акчасын да ошол компания алат, башкача айтканда, бир бөлүгүн. Анткени анын башка бөлүгү жаңы ТЭЦти жасатып коррупциялык кредит боюнча карызды жабууга кетүүдө", - деп депутат баракчасына жазган.

Буйрукка кечеки күндүн датасы - 18-октябрь деп жазылган. Ошол эле учурда, буйрук Министрлер кабинетинин жана Юстиция министрлигинин сайтына чыга элек. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалыматка комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы Кыргызстандын саясий талаасында алгачкы жолу пайда болуп жаткан жери жок. Ушул жылдын январь айында компаниянын өкүлдөрү вице-премьер-министрдин м.а. Равшанбев Сабиров менен жолугушуу өткөрүшкөн. Анда кыргыз энергосистемасын реформалоо долбоорун сунушташкан болчу.

Бул компания жөнүндө эмнелер белгилүү?

Ачык булактарда Hampton Resources Limited тууралуу маалымат аз. Бул компания Кыргызстандын аймагында катталган эмес. Өкмөттүн басма сөз кызматы долбоорду сунуштаган Hampton Resources Limited казакстандык ТОО EXIM ARTIS компаниясына караштуу фирма деп билдирген.

EXIM ARTIS сайтында компаниянын ишмердүүлүгү көмүр сатып алуу, иштетүү жана баалуу сорттордун басымдуу бөлүгүн чет өлкөгө, азыраагын казакстандын ички рыногунда реализациялоо деп жазылган.

Hampton Resources limited'дин сайтында жазылган маалыматка ылайык, компания Лондондо. Көмүр рыногунда 1998-жылдан бери иштейт. Казакстанда үч көмүр шахтасы бар - "Батыр", "Кировская" жана "Западная", андан тышкары эки байытуучу фабрика - "Карагандинская" жана "№38".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3988