Ботаника багында аялдын сөөгү табылды
RU

Ботаника багында аялдын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкетеги Ботаника багынан аялдын жансыз денеси табылган. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына Октябрь районунун ИИБсинин басма сөз кызматы тастыктады.

Ички иштер башкармалыгы белгилегендей, 19-октябрда болжол менен саат 12де милицияга Токомбаев көчөсүндө жайгашкан Ботаника багында М.М.дин сөөгү табылды деген билдирүү берилген.

Ал жерге ыкчам тергөө тобу жөнөп, соттук-медициналык эксперттер менен биргеликте сөөктү карап чыгып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалган.

Бул факт Октябрь районунун КЖБРине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында каза болгон аялдын күйөөсү сурак берип, 16-октябрда экөө жубайынын кызганычынын айынан уруша кетип, андан кийин элдешкенин, 18-октябрь күнү болжол менен саат 15:00до чыгып кеткен бойдон көпкө чейин телефон чалууларга жооп бербегенин айткан. Ал өз алдынча келинчегин издеп баштаган.

Белгилей кетсек, редакцияга келген маалыматка ылайык, каза болгондун денеси балдардын скакалкасына асынган кейипте табылган. Бирок ИИБ бул маалымат боюнча комментарий берген жок. М.М. 30 жашта болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3999