Бишкекте көпүрөлөр салынууда. Азыркы сүрөттөр
RU

Бишкекте көпүрөлөр салынууда. Азыркы сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин капиталдык курулуш башкармалыгы берген маалыматка ылайык, Бишкекте үч көпүрө салынып жатат.

Маселен, Архитектор көчөсүн, Киргизскийден тартып, Кичи Чүй каналына чейин. Ошол эле көчөдө эски көпүрө толугу менен алынып, ордуна жаңысы салынып жатат.

Учурда 18 метрлик темир-бетон устундар орнотулду. Жаңы көпүрөнүн туурасы 12,5 м, узуну 19 метр болот. Эки тарабынан тең 1,5 метрлик тротуарлар салынат.

Андан тышкары, Гидростроителей көчөсү Курманжан Датка көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин жасалып, Аламүдүн дарыясы аркылуу "Эне-Сай" жаңы конушунда көпүрө салынууда. Реконструкциядан кийин көпүрөнүн узундугу 31 метр, туурасы 14,5 метр болот. Эки тарабынан тең 2,5 метрлик тротуар жасалат.

Сухэ-Батора көчөсү Каралаев көчөсүнон тартып, Шабдан Баатыр көчөсүно чейин оңдолот. Ал жерге да Аламүдүн суусу аркылуу көпүрө салынат. Анын жалпы узундугу 24, 12 метр, туурасы 11, 25 метр болот. Эки тарабынан салынган тротуарлардын туурасы 2,25 метрди түзөт.

Бул иштер China Road and Bridge Corporation компаниясы таратпан, Кытай берген гранттын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4026