Көмүргө кум аралаштырып жаккан. Садыр Жапаров ТЭЦтеги мафия тууралуу айтты
RU

Көмүргө кум аралаштырып жаккан. Садыр Жапаров ТЭЦтеги мафия тууралуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маалымат жыйынында Садыр Жапаровго көмүрдүн кымбатташы, аны Монополияга каршы комитеттин кызматкерлери көзөмөлдөй албай жатканы боюнча суроо узатылды.

"Көмүрдүн баасы көзөмөлгө алынат. Шахтадагы иштер саботаж болду. Алар коррупциялык схемага түшүп калган. Бишкекте жана Балыкчыда офистери бар. Кагаз түрүндө гана мынча көмүр түштү деп көрсөтүп, бирок, акчасын бөлүп алышкан. Жетпеген көмүрдүн оордуна кум кошуп жагышкан. Түтүндүн себеби да ошол. Быйыл жайында мафиялар менен күрөшүү жүрдү. ЖЭБде эми таза көмүр жагылат. Кечээ Кара-Кечеде диверсия болгон: алар камераларды кесип салып, бульдозердин цистерналарына кант кошушкан. Биз аларды табабыз", - деп жооп берди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4039