Депутаттыкка талапкер мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгөн деп айыпталууда
RU

Депутаттыкка талапкер мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгөн деп айыпталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media сайтына Чүй облусунун Москва районунун тургундары кайрылып, №23 Москва шайлоо округунун депутаттыгына талапкер Ханджеза Карим Лемзарович эрте үгүт иштерин жүргүзүп жатканын айтышкан.

Маалыматка ылайык, 21-октябрда, Карим Ханжеза райондун аксакалдарын чакырып, майрамдык иш-чара өткөргөн.

Арыз берүүчүлөр "Бул шайлоо мыйзамдарын бузганга киреби?",-деген суроо калтырышкан?

Белгилей кетсек, официалдуу түрдө Ханджеза Карим Лемзарович No 23 Москва шайлоо округу боюнча депутаттыкка катталган талапкерлердин тизмесине киргизилген эмес.

Анын жактоочулары Kaktus.media редакциясына бул үгүт иши эмес, жеке майрам экенин айтышты.

Эгерде Ханджеза Карим Лемзарович бул тууралуу маалыматка комментарий берүүгө даяр болсо, анда ал төмөнкү байланыштарга кайрыла алат:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4050