"Империя пицца" тергөө бүткөнгө чейин Бишкектеги бардык филиалдарын жапты
RU

"Империя пицца" тергөө бүткөнгө чейин Бишкектеги бардык филиалдарын жапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Империя пицца" кардарларынын уулануусу боюнча комментарий берүүдөн азырынча баш тартты.

Эске сала кетсек, өткөн дем алыш күндөрү тамактан ууланган 85 адам Темир жол ооруканасынын инфекциялык бөлүмүнө кайрылган. Жабырлануучулар "Империя пиццанын" төрт башка филлиалында рулет жана суши жешкен. Учурда бир аял ооруканада жатат, абалы туруктуу. Калгандары, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Мекеменин социалдык түйүндөрүндө кардарлар үчүн суши жана булочкаларды заказ кылуу үчүн убактылуу жеткиликтүү эмес деген жарыя пайда болду.

Учурда тергөө жүрүп жатат, экспертизадан кийин гана компания расмий комментарий берет. Кафенин администрациясы да жооп берет.

"Империя пиццы" уулануунун чоо-жайы такталмайынча Бишкектеги бардык филиалдарын жапканын билдирди.

"Империя пиццы" филиалынын ээси ким?

Аталган кафенин Бишкекте 17 соода түйүнү бар.

Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык, "Империя пиццы" 2019-жылы кайра каттоодон өткөн. Учурда анын негиздөөчүсү катары Исмаилов Равшат Абдурашитович көрсөтүлөт.

Osoo.kg маалымат базасына ылайык, 2021-жылы коммпания 1,2 миллион сом салык жана алым төлөгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4051