Садыр Жапаров Улуу Британияга учуп кетти. Делегациянын курамы
RU

Садыр Жапаров Улуу Британияга учуп кетти. Делегациянын курамы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда иш сапары менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Глазго шаарына учуп кетти.

Сапардын алкагында Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конвенциясынын ачылыш аземине катышып, Дүйнөлүк лидерлердин саммитинде билдирүү жасайт.

Мындан тышкары, саммитте Кыргызстандын президенти чет элдик кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктарынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында төмөнкүлөр бар:

  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;
  • Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4126