Садыр Жапаровдун Глазгодогу иш сапарынын биринчи күндүн жыйынтыктары
RU

Садыр Жапаровдун Глазгодогу иш сапарынын биринчи күндүн жыйынтыктары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-ноябрда Шотландиянын Глазго шаарынды Дүйнөлүк лидерлердин пленардык отуруму старт алды. 120 лидердин катарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да болду. Бирок кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгу бул иш сапарды биринчи кезекте өлкө башчысынын ал жака жеке менчик учак жалдап барганы менен эхсинде калды. Айрым эсептөөлөргө ылайык, Бишкектен Глазгого баруунун жол акысы $90 миңге айланды.

Учакка байланыштуу чуунун айынан көпчүлүк Садыр Жапаровдун Глазгого эмне максат менен баргандыгына көңүл бурушкан жок. Негизги максат - климаттын туруктуу өзгөрүү шартында экологиялык жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдө Кыргызстандын өнүгүүсүнө финансы тартып келүү. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандагы климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери менен күрөштү ишке ашырууга $10 млрд каражат керектелет.

Жапаров кимдер менен жолукту?

Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Джассир;

Азия өнүктүрүу банкынын президенти Масацугу Асакава;

Европа реконструкция жана өнүктүрүу банкынын президенти Одиль Рено-Бассо.

Андан тышкары конференциянын алкагында төмөнкүлөр менен иш боюнча жолугушту:

Франциянын президенти Эммануэль Макрон;

Монголиянын президенти Ухнагийн Хурэлсухом;

Армениянын президенти Армен Саркисян;

Канаданын премьер-министри Джастин Трюдо;

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди;

Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир.

Жыйынтыгы кандай болду?

Президенттин басма сөз кызматы жасаган публикациялардан улам, Садыр Жапаровдун жолугушуулары жөн гана таанышуу мүнөздө өтүп, климаттын өзгөрүп жаткан шартында Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн каражат тартып келүү боюнча конкреттүү натыйжалар тууралуу кеп кылуу азырынча эрте.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4156