Күндүн сүрөтү: Глазгодогу дүйнөлүк лидерлер. Садыр Жапаровду тапкылачы
RU

Күндүн сүрөтү: Глазгодогу дүйнөлүк лидерлер. Садыр Жапаровду тапкылачы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалпыга маалымдоо каражаттары Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP26) 26-конференциясындагы дүйнөлүк лидерлердин саммитинин катышуучуларынын топтук сүрөтүн жарыялашты.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан бул саммитке Кыргызстандын атынан биринчи жолу расмий түрдө катышып жатат.

Бир күн мурун дүйнөлүк лидерлер Глазгодогу COP26 саммитинин ачылышына байланыштуу кабыл алууга катышышты. Ага королдук үй-бүлө мүчөлөрү да катышкан - Принц Чарльз, Принц Уильям, Корнуолл герцогиниясы, Кембридж герцогиниясы (Кейт Миддлтон).

Кабыл алуу учурунда жамааттык сүрөткө түшүштү. Анда Джо Байден, Борис Жонсон, Ангела Меркель, Жастин Трюдо көрсөтүлгөн. Бул сүрөттө Садыр Жапаров дагы бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4164