Жапаров электр энергиясынын тарифин көтөрүү тууралуу пикирин айтты
RU

Жапаров электр энергиясынын тарифин көтөрүү тууралуу пикирин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемин шаарында көп диагностикалык көчмө клиниканын ачылышында Садыр Жапаров жалпысынан бир катар социалдык маанилүү темаларга токтолду. Алардын бири энергетика жана суу тартыштыгы.

Президенттик аппараттын билдирүүсүнө ылайык, Жапаров бул тармактагы көйгөйлөр жакында эле пайда болбогонун, бирок акыркы 30 жылдан бери топтолуп жатканын белгиледи.

"Садыр Жапаровдун айтымында, энергетика тармагындагы кыйынчылыктарга карабай, электр энергиясын керектөөнү чектебөөнү жана калк үчүн электр энергиясына болгон тарифти жогорулатпоону тапшырды. Элдин айлык акысы, пенсия жана жөлөк пулу көтөрүлгөндөн кийин гана тарифти көтөрүү мүмкүндүгүн кошумчалады. Ошондой эле өлкөдө бир нече ГЭСтердин курулушу башталып, 2025-жылга чейин энергетикалык кризистен чыгат", - деп айтылат президенттик администрациянын билдирүүсүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4222