"Азырынча ушундай жашап тур!" Электр энергиясын колдонууга лимит коюлду
RU

"Азырынча ушундай жашап тур!" Электр энергиясын колдонууга лимит коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы бир нече күндө электр энергиясын колдонуу лимити кыскарган. Бул тууралуу Бишкектиктер Kaktus.media сайтына билдиришти.

"Буга чейин эсептегичтин дисплейинде 10 кВт көрсөтүлсө, автоматтык эсептегич өчүп калчудай болуп турчу. Эми 5 кВт гана берип жатышат. Чайнекке суу коё албай, кир да жууй албай калдык. Дагы жакшы, үйдү газ менен жылытабыз.

"Түндүк электр" кызматына чалсак, "Азырынча ушинтип жашап тургула" деп жооп беришти. 21-кылымда жарыксыз кантип жашоого болот?

Бизде газ менен жылытуу бар, ошондо да ага циркуляция үчүн мотор колдонулат. Бизге эскертүүсүз эле 5 кВт лимит коюп коюшту. Мурун 10 кВт болгондо араң жеткирчүбүз. Эми тамак бышыра албай калдык, балдарды да жуундура албайбыз. Автоматтык эсептегич өчпөшү үчүн баарын өчүрүш керек болуп калды",- деди окурмандардын бири.

"Түндүк электр" ААКсы электр энергиясын колдонууга чектөө койгонун өзү тастыктады.

"Бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатка чейин, үч фазалуу абоненттер үчүн 10 киловатка чейин чектөө коюлган", - дешти "Түндүк электр" ишканасынан.

Ишкана лимит "суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана электр энергиясын колдонууда белгиленген лимиттерди сактоо" максатында кыскартылганын айтууда. Алар электр эсептегичтер өчүп калбашы үчүн электр шаймандарын бирдей колдонууну сунушташат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4231