"Президент барын чечет беле?" Наталья Никитенко бийликти сындады
RU

"Президент барын чечет беле?" Наталья Никитенко бийликти сындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Наталья Никитенко "Северэлектро" элтектрэнергиясын колдонууга чектөө киргизгенине нааразы. Шайлоо бүтүп, суук түшкөндө эл кантет, эмитен эле ушундай көрүнуш болуп жатса? - деп депутат суроо салды.

"Президент барын чечет беле? Кечээ эле электрэнергиясын өчүрбөгүлө деп буйрук берберди беле, анан эмне болуп жатат? Кечээ "Түндүкэлектро" жарыкты берүүнү 10дон 5 кВтка чейин төмөндөтүптүр. Миңдеген жарандарыбыз иштеген "Дордой" базарында эл жарыгы жок отурат. Жарык өчкөндүктөн аппаратка туташкан ымыркай реанимацияга түшүп калды.

Булар шайлоонун алдында болуп жатат. Андан кийин, шайлоочулардын добушу керек эмес болуп калганда, чыныгы суук түшкөндө эмне болот?

Мен жоготуулардан баштагыла, өзүңөр үнөмдөп баштагыла, бюрократиялык аппараттарды жойгула, ортомчуларды жойгула, деп айткам. ТЭЦтеги алдамчылыкты токтоткула, келгиле, биринчи кезекте элди ойлойлу, андан кийин коңшуларга кам көрөбүз. Элди алдаганды токтоткулачы, чыныгы профессионалдарга жол ачкылачы!" - деп депутат социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Кечээ, "Түндүкэлектро" электр энергиясын колдонуунун кубаттуулугуна счетчик койгону белгилүү болду.

"Бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатка чейин, үч фазалуу абоненттер үчүн 10 киловатка чейин чектөө коюлган", - дешти "Түндүк электр" ишканасынан.

Ишкана лимит "суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана электр энергиясын колдонууда белгиленген лимиттерди сактоо" максатында кыскартылганын айтууда. Алар электр эсептегичтер өчүп калбашы үчүн электр шаймандарын бирдей колдонууну сунушташат.

"Түндүк электр" кызматына чалсак, "Азырынча ушинтип жашап тургула" деп жооп беришти. XXI кылымда жарыксыз кантип жашоого болот?

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4243