Садыр Жапаров түрк ишкерлерин Баткенге инвестиция салууга чакырды
RU

Садыр Жапаров түрк ишкерлерин Баткенге инвестиция салууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-ноябрда Стамбулда түрк бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушууда аларды Баткен облусуна инвестиция тартууга чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө башчы түрк ишкерлерине облуска өзгөчө макам ыйгарылганын, анын аймагында атайын жеңилдетилген салык жана инвестициялык режимдер иштей турганын айтты.

Анын айтымында, бул облуска инвестиция салган ишкерлер салыктын төрт түрүнөн: мүлк салыгы, жер салыгы, киреше салыгы жана сатуудан алынуучу салыктан бошотулган. Мында өнөр жай, пайдалуу жана керектүү товарларды ташып келүүдө бажы алымдары 0%га, киреше салыгы 10%дан 5%га чейин төмөндөйт.

Жапаров түрк инвесторлорунун долбоорлорун алдыга жылдырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жыйынга Түркиянын жер казынасын пайдалануу, курулуш, энергетика, маалымат технологиялары, жеңил өнөр жай, ошондой эле саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагындагы ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4278