Карызыңыз жокпу? Төлөбөгөндөрдүн электр энергиясы 16-ноябрда өчүрүлөт
RU

Карызыңыз жокпу? Төлөбөгөндөрдүн электр энергиясы 16-ноябрда өчүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16-ноябрдан тарта "Түндүк электр" карызын төлөбөгөн Бишкектиктердин электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт. Учурда 4600дөн ашык абоненттин 12,1 миллион сомдон ашык карызы бар. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Компания эскертет: Колдонуучунун ыңгайы үчүн "Түндүк электр" тиркемеси, андан сырткары, "Абоненттин балансы" деп аталган компаниянын сайты дайыма иштейт. Ошол жерден абоненттер канча карыз экенин көрүүгө болот.

Ошондой эле, компаниянын чалып билүү кызматы 1209 жана (0551) 00-12-09 (WhatsApp) номерлери менен күнү-түнү маалымат берет.

Төлөмдөрдү Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (касса-24), MegaCom, "О!", "Оңой" төлөө терминалдары, анын ичинен "О!", MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктар аркылуу жүргүзсө болот. Ага кошумча "РСК банк", "Керемет банк", "ДосКредоБанк", "Бакай банк", "Кыргызстан", "Халык банк", КICВ жана "Оптима банктын" кассалары да кабыл алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4317