Тамагына бычак такап, өзүн өлтүрүүгө аракет кылган
RU

Тамагына бычак такап, өзүн өлтүрүүгө аракет кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан "Ринго Трейд" брокердик компаниясында эркек киши өз жанын кыюга аракет кылган.

ӨКМ билдиргендей, имаратта ал адам тамагына бычак такап, өзүн өлтүрүүгө аракет кылган. Куткаруучулар келгенге чейин аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында милиция кызматкерлери ал кишини өз жанын кыюдан алып кылган.

Чоо-жайы такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4333